"Эркин-Тоо"

Мексикада дайынсыз жоголгон Жаныбек табылды

Буга чейин Мексикада дайынсыз жоголгондугу айтылган кыргызстандык Жаныбек Жакыпов табылды. Ал ден соолугуна байланыштуу үй-бүлөсү менен байланышпай жаткандыгы аныкталды. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги билдирди.

«Кыргызстандын АКШдагы чет элдик мекемелери, Казакстандын элчилигинин жана Канкун шаарында жашаган активисттердин жардамы менен Мексиканын ыйгарым укуктуу органдары жана уюмдары менен биргеликте керектүү иш-чаралар жүргүзүлүп, натыйжада Жаныбек Жакыпов табылган. Ж.Жакыпов ден соолугуна байланыштуу жакындары менен байланышкан эмес», — деп айтылат ТИМдин билдирүүсүндө.