Мектеп ашканаларында мыкты ашпозчу тандалат

11-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Коом 91

Бишкек жана Ош шаарларында мектеп ашпозчулары мыкты аталыш үчүн күч сынашат. «Мыкты мектеп ашпозчусу – 2026» сынагынын финалдык баскычы Бишкекте 11-ноябрда, Ошто 13-ноябрда өтөт.

Уюштуруучулардын маалыматына караганда, Бишкектеги финалга Ысык-Көл, Чүй жана Талас облустарынын, ал эми Ош шаарындагы сынакка Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарынын ашпозчулары катышат.

Финалисттер бир нече ай бою даярданып, башкы ашпозчу, технолог жана нутрициологдордун онлайн сабактарына катышкан. Алар өз рецепттерин иштеп чыгып, мектеп окуучулары үчүн атайын меню түзүшкөн.

Быйылкы сынак «Даам лабораториясы: “Дени сак окуучу” миссиясы» деген темада өтөт. Катышуучулар азык-түлүктүн сапатын текшерип, ашканадагы кемчиликтерди аныктап, тамак даярдоо боюнча практикалык тапшырмаларды аткарышат.

Сынактын негизги бөлүгүндө ашпозчулар өз рецепттери менен тамак жасап, анын башталгыч класстын окуучулары үчүн пайдалуу жактарын калыстар тобуна түшүндүрүшөт. Баалоодо тамактын даярдалышы, санитардык талаптардын сакталышы, шаймандарды туура колдонуу жана убакытты үнөмдүү пайдалануу эске алынат.

Өзгөчөлүгү — даярдалган тамактардын даамын окуучулар менен ата-энелер да татып көрүшөт. Алардын тандоосу менен «Элдин даам татуучусу» номинациясынын жеңүүчүсү аныкталат.

Жеңүүчүлөрдү акчалай эмес, ашкана жабдууларын сатып алууга арналган сертификаттар күтөт. Биринчи орунга 70 миң, экинчи орунга 40 миң, үчүнчү орунга 30 миң сомдук сертификат берилет. Мындан тышкары, жогорку упай топтогон катышуучулар окуудан өткөндүгү тууралуу сертификат алышат.

Белгилей кетсек, сынак 2019-жылдан бери мектеп ашпозчуларынын кесиптик чеберчилигин жогорулатуу жана окуучулардын тамактануу сапатын жакшыртуу максатында өткөрүлүп келет.

Иш-чараны Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги, БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы жана Тармактык тамактануу институту (SIFI) Россия Федерациясынын каржылык колдоосу менен уюштурууда.

11-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Коом 91
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X