Мектеп бүтүрүүчүлөрүнө аттестаттар 1-8-июлга чейин тапшырылат
Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин Мектеп, мектептен тышкаркы жана кошумча билим берүү башкармалыгынын адиси Салтанат Өмүрканова билдирди.
Анын айтымында, быйыл республика боюнча 9-классты 106 миң 299, ал эми 11-классты 67 миң 45 окуучу аяктап жатат.
Министрлик кафе, ресторандарда өткөрүлүүчү бүтүрүүчү кечелерге тыюу салганын да билдирди. Бирок, акыркы коңгуроо быйыл мектептерде 2-3 саатка созулган программанын алкагында өткөрүлөт.