Мектеп окуучулары канча күн эс алат?

2-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 104

Кыргызстандагы мектеп окуучулары 11-ноябрдан тарта күзгү каникулга чыгат. Эс алуу беш күнгө созулат. Бул тууралуу Агартуу министрлиги эскертти.

Маалыматка ылайык, экинчи чейрек бардык мектептерде 16-ноябрда, дүйшөмбү күнү башталат.

Министрлик ошондой эле башталгыч класстардын окуучулары үчүн кошумча эс алуу күндөрү каралганын билдирди.

Ага ылайык, 1-класстын окуучулары окуу жылы ичинде жалпы эки жумага, ал эми 2-класстын окуучулары бир жумага узагыраак эс алышат.

2-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 104
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X