Мектеп окуучулары катышкан республикалык олимпиада башталды
Бүгүн, 23-мартта мектеп окуучуларынын республикалык олимпиадасынын IV этабы башталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
Буга байланыштуу бүгүн Чыңгыз Айтматов атындагы Бишкек лицейинде олимпиаданын ачылыш аземи болду. Иш-чарага билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова катышып, олимпиадага катышкан бардык окуучуларга ийгиликтерди каалады.
Олимпиаданын IV республикалык этабында, III облустук этапта алдыга озуп чыккан 324 окуучу төмөндөгү предметтер боюнча таймашып жатышат:
окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн класстар үчүн кыргыз тили жана адабияты,
окутуу орус тилинде жүргүзүлгөн класстар үчүн кыргыз тили жана адабияты,
окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн класстар үчүн орус тили жана адабияты,
окутуу орус тилинде жүргүзүлгөн мектептер (класстар) үчүн орус тили жана адабияты,
англис тили, математика, информатика, физика, химия, биология, география жана тарых.
Олимпиадалык тапшырмалар Билимди баалоо жана окутуу усулдары борбору тарабынан түзүлгөн.
Белгилей кетсек, мектеп окуучуларынын республикалык олимпиадасы жыл сайын конкурстан (тендер) өткөн көз карандысыз уюмду ишке тартуу менен Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан, ошондой эле анын аймактык органдары жана жалпы билим берүү уюмдары тарабынан өткөрүлүп келет.
Өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу соңку эки жылдан бери олимпиаданын IV этабы өткөрүлгөн эмес. Ошол эле учурда окуучуларды колдоо максатында III этап жыйынтыктоочу этап болуп эсептелинип келген.