Мектепте сабалган кыздын апасы бийликке кайрылды

20-февраль, 2025-ж. / Редакция / Жаңылыктар 31

Ноокат районундагы Көк-Жар айылында жайгашкан «Көк-Жар инновациялык орто мектебинин» 10-классынын окуучусунун апасы социалдык тармактар аркылуу бийликке кайрылып, кызы сабалган окуяны териштирүүнү өтүндү.

Ал 2024-жылдын 19-декабрь күнү Малика аттуу кызын классташ кызы сабак учурунда сабап, мурдун сындырып койгонун, кызы ооруканада мурдуна операция жасатканын айтты.

«Менин кызымды классташтары, алардын башында Зейнеп аттуу кыз турат экен, сентябрдан бери эле «кедейсиң, акчаң жок» деп кемсинтип, басмырлап келиптир. Кызым бул тууралуу класс жетекчисине айтып, башка класска которуп коюусун суранган экен, бирок эжекеси аны укпай койгон. Жыйынтыгында мектепте сабак учурунда мугалимдер жоктугунан пайдаланып, Зейнеп деген кыз менин кызымды уруп, тепкилеген», — дейт

20-февраль, 2025-ж. / Редакция / Жаңылыктар 31
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X