Мектептерде шахмат үйрөтүүчү 500 мугалимдин квалификациясы жогорулатылат
Мектептерде 3–5-класстардын окуучуларына шахмат ийримдерин өтүүчү мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу боюнча тренингдин алгачкы оффлайн баскычы аяктады. Бул тууралуу Республикалык квалификацияны жогорулатуу институтунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, окутуунун биринчи бөлүгү 19-августтан 24-августка чейин бетме-бет форматта өттү. Тренингдин калган бөлүгү эми онлайн түрүндө улантылат.
Институттун маалыматы боюнча, бул масштабдуу программанын алкагында 2026-2027-окуу жылында жалпысынан 500 мугалим заманбап усулдар менен өз квалификациясын арттырмакчы. Долбоор кенже класстардагы окуучулардын логикалык ой жүгүртүүсүн өнүктүрүүгө жана шахмат спортун мектептерде жайылтууга багытталган.