Мэр «Мыкандагы» жер маселесин чечүүнү тапшырды

26-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 108

Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев Свердлов районундагы «Мыкан» конушунун тургундары менен жолугушуп, жер тилкелерине байланыштуу көйгөйлөрдү жеринен талкуулады.

Жолугушууга шаар прокурору Канат Насипов, Ички иштер башкы башкармалыгынын жетекчиси Азамат Токтоналиев, Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары Тилек Жеембаев жана Свердлов районунун башчысы Бакыт Караев катышты.

Жолугушууда жер тилкелеринин бөлүнүп берилиши, таризделиши жана тургундардын колундагы укук белгилөөчү документтер каралды.

Мэр жарандардын мыйзамдуу укуктары менен кызыкчылыктары биринчи орунда турушу керектигин белгилеп, жер документтериндеги аныкталган дал келбестиктерди ар тараптуу иликтөө зарылдыгын айтты.Возможно, это изображение один или несколько человек, толпа и текст

Жыйынтыгында Айбек Джунушалиев Жеке турак жай курулушу жана шаар куруу департаментине бир жуманын ичинде мурда кабыл алынган чечимдерди жана документтерди толук текшерип, жер тилкелерин колдонуудагы мыйзамдарга ылайык мыйзамдаштыруу мүмкүнчүлүгүн караган чечимдин долбоорун даярдоону тапшырды.

«Бул маселени создуктурбай чечүү зарыл. Бардык аракеттер мыйзам талаптарына ылайык жүргүзүлүп, иштин жыйынтыгында тургундардын жер маселеси жөнгө салынышы керек», — деди мэр.

Маалыматка ылайык, «Мыкан» конушунда жалпы 540 турак үй бар. Жер маселеси боюнча атайын комиссияга 131 тургун кайрылган. Инвентаризация учурунда мурдагы каттоодо бир катар кемчиликтер, анын ичинде айрым жер тилкелеринин толук эсепке алынбаганы жана чек аралары так аныкталбаганы белгилүү болгон.Возможно, это изображение один или несколько человек, толпа и текст

Маселени чечүү үчүн мэрия укук коргоо органдары менен биргеликте тиешелүү чечимдин долбоорун даярдап, мыйзамдык негизде иш алып бармакчы.

26-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 108
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X