Меруэт Бакирова: Бул батир үй-бүлөбүзгө чоң кубаныч тартуулап, жаңы мүмкүнчүлүктөргө жол ачты
Тамчы айылындагы мектеп-гимназиянын мугалими Меруэт Бакирова Мугалимдер күнүндө Чолпон-Ата шаарынан батир утуп алды. Үч баланын энеси, тарых, адам жана коом сабактарынын мугалими үчүн бул күтүүсүз белек, үй-бүлөсүнүн көптөн берки кыялдарынын биринин орундалышы болду. Биз Меруэт Өмүрбековна менен республикалык сынактагы жеңиштин кубанычы, мугалимдик кесиптин жоопкерчилиги жана үй-бүлөсү тууралуу маектештик.
— Меруэт Өмүрбековна, мугалимдер күнүндө сынактын жыйынтыгы чыгып, батир утуп алганыңызды укканда кандай сезимде болдуңуз?
— Билим берүү министрлигинен жеңишим тууралуу кабарды укканда абдан кубандым, сүйүндүм. Көп жылдык эмгегиңдин бааланганын сезүү адамга өзгөчө ырахат тартуулайт экен. Мени биринчилерден болуп жолдошум жана кесиптештерим куттукташты. Алардын кубанычымды тең бөлүшүп, колдоо көрсөткөнү мен үчүн жагымдуу болду.
— Ал батир үй-бүлөңүзгө да кубаныч тартууладыбы?
— Албетте, Чолпон-Атадан батир алуу биздин көптөн берки кыялдарыбыздын бири болчу. Учурда, Тамчы айылында батирди ижарага алып жашайбыз. Айылда өзүбүздүн жер тилкебиз бар болгону менен үй куруп бүтө элекпиз. Ошондуктан, Чолпон-Атадан батир утуп алуу биз үчүн чоң кубаныч жана күтүлбөгөн белек болду.
— Бул сыйлыкты мугалимдик эмгегиңизге берилген баа катары кабыл алдыңызбы?
— Мугалимдик кесип күн сайын изденүүнү, сабырдуулукту жана талыкпаган эмгекти талап кылат. Биз окуучуларга билим берүү менен гана чектелбестен, алардын инсан болуп калыптанышына да салым кошууга аракет кылабыз. Ошондуктан, бул сыйлыкты кесибиме болгон сүйүүмдүн жана көп жылдык эмгегимдин бааланышы катары кабыл алдым. Мындай кубаныч адамга дем берип, мындан ары да үзүрлүү иштөөгө шыктандырат экен. 
— Окуучуларыңыз жеңишиңизди кандай кабыл алышты?
— Баары абдан кубанышты. Окуучуларымдын мени менен сыймыктанганын көрүп, кесиптештеримдин жылуу куттуктоолорун угуп, аябай толкундандым. Жаныңдагы адамдар ийгилигиңе чын жүрөктөн кубанса, ишиңден да, чөйрөңдөн да ырахат алып, төбөң көккө жетет экен.
— Мугалим өзүнүн балдарына сабак бергени ырахатпы же жоопкерчиликпи?
— Мен үчүн бул чоң жоопкерчилик, ошол эле учурда бакыт да тартуулайт. Улуу уулум Аль-Амин 8-класста окуйт, бокс менен машыгат. Кызым Алия 7-класста, ал эми кенже уулум Умриэль 3-класста билим алат. Үчөө тең мен иштеген мектепте окушат. Улуу уулума жана кызыма өзүм сабак берем. Ошондуктан, алардын жетишкендиктерин үйдө да, мектепте да көрүп турам. Албетте, мугалим катары да, эне катары да талап коём. Ошол эле учурда ар бир баланын өзүнө таандык жөндөмү, кызыгуусу жана мүнөзү бар экенин эске алып, туура багыт берүүгө аракет кылам.
Балдарымдын жакшы билим алып, келечекте өз ордун тапкан инсан болушун каалайм. Жолдошум Тамчыбек да үй-бүлөбүздүн таянычы. Ал ИММдин ардагери.
— Үй-бүлө менен жумуштун түйшүгүн бирдей алып жүрүү оңой иш эмес. Мугалимдик кесип энергияны көп талап кылат. Күч-кубатты кайдан аласыз?
— Мага дем берген эң башкы нерсе, окуучуларымдын билимге болгон кызыгуусу. Сабак учурунда балдардын жаңы нерселерди үйрөнүүгө дилгирленгенин көргөндө чарчаганыңды унутасың. Окуучунун мурда билбеген нерсесин өздөштүрүп, кичинекей болсо да ийгиликке жеткенин көрүү, мугалим үчүн чоң кубаныч. Балдардын келечекте коомдон өз ордун таап, жакшы инсан болуп калыптанышына салым кошуу кесибимдин эң маанилүү жагы. Ошол эле учурда үй-бүлөмдүн колдоосу да мага чоң күч берет. Балдарымдын келечеги, жакындарымдын ишеними мени алдыга жетелейт. 
— Жаңы батирге байланыштуу кандай пландарыңыздар бар?
— Негизги жашаган жерибиз Тамчы айылы бойдон калат. Бул — жолдошумдун туулуп-өскөн жери, балдарыбыз чоңоюп жаткан, үй-бүлөбүздүн очогу турган жер. Чолпон-Атадагы батирибизди, буюрса, жай мезгилинде эс алуу үчүн, ошондой эле балдарыбыздын окуусуна же иш сапарларына байланыштуу зарыл учурларда пайдаланабыз деп пландап жатабыз.
— Мугалимдик кесипти жаңыдан баштаган жаш адистерге кандай кеңеш берет элеңиз?
— Жаш мугалимдерге айтарым — тандаган кесибиңерден жана өз эмгегиңерден күмөн санабагыла. Мугалимдик жөн гана кесип эмес, бул — келечекти түптөгөн улуу миссия. Ар бир окуучуга бөлгөн убактыңар, берген билимиңер жана көрсөткөн жылуулугуңар маанилүү. Дайыма изденип, өзүңөрдү өнүктүрүп, жаңы нерселерди үйрөнүүдөн чарчабагыла. Чын жүрөктөн жасалган эмгек, сөзсүз өз үзүрүн берет деп ишенем. Бардык мугалимдерге чыдамкайлык, чыгармачылык ийгилик жана окуучуларынын жетишкендиктерине кубанып, сыймыктанып жүрүү бактысын каалайм.
— Жаңы батириңиздин босогосун биринчи жолу аттаган күнүңүздү элестеткенде, кимге биринчи ыраазычылык билдирет элеңиз?
— Эң биринчи мугалимдерге дем, күч берип, кесиптин улуулугун даңазалап, агартуучулук кесиптин кадырын өстүрүп, айлыгын жогорулатып, шыктандырган сынактарды жарыялап, чоң байгелерди коюп, мугалимдерге колдоо көрсөткөн мамлекет башчысына жана аны уюштурган Агартуу министрлигине ыраазымын. Ошондой эле мени тарбиялап, өстүрүп, ар дайым колдоого алып, бүгүнкү күнгө жеткирген ата-энеме ыраазычылык билдирем. Андан кийин, ар дайым жанымда болуп, колдоп келген жолдошума жана балдарыма ыраазычылык айтам. Ошондой эле кубанычымды тең бөлүшкөн кесиптештериме жана жакшы тилектерин билдирген бардык адамдарга ыраазымын.
Мындай учурда адам өз ийгилигинде жакындарынын колдоосу канчалык маанилүү экенин дагы бир жолу түшүнөт экен. Бул батир үй-бүлөбүзгө кубаныч тартуулоо менен бирге жаңы мүмкүнчүлүктөрдүн да эшигин ачты.
Чынайым Кутманалиева