Мигранттарга карата жаңы талап

3-июнь, 2021-ж. / Редакция / Дүйнө 40

Россиянын өкмөтү чет өлкөлүк мигранттарга жаңы талаптарды белгиледи. Мигранттар орус тилин, Россиянын тарыхын жана россиялык мыйзамдарды минималдуу деңгээлде билиши шарт. Тактап айтканда, мигранттар социалдык-тиричилик жана айрым кесиптик темалар боюнча өз ойлорун эркин түшүндүрө алуулары керек. Тарых боюнча экзамен алууда чет элдиктерден Россиянын ири шаарларынын жана башкы мамлекеттик майрамдарынын аталыштарын билүү талап кылынат. Эске салсак, РФ ИИМи мындан мурда КМШ өлкөлөрүнөн келген мыйзамсыз миггранттарды 2021-жылдын 15-июнуна чейин Россиянын аймагынан чыгып кетүүнү талап кылган.

3-июнь, 2021-ж. / Редакция / Дүйнө 40
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X