Милиционерлер кыйноого шектелип кармалышууда

6-февраль, 2025-ж. / Редакция / Жаңылыктар 40

Бишкектин Октябрь РИИБнин дагы бир милиционери кармалды. Бул тууралуу укук коргоо органдары  билдирди. Маалыматка караганда  өткөн аптада Аскер прокуратурасынын кызматкерлери Октябрь РИИБнин тергөөчүсүн кылмыш иши боюнча шектүүгө карата кыйноо колдонгон деген шек менен кармашкан. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Кошумчалай кетсек, бир ай мурун ушул эле кылмыш ишинин алкагында Октябрь РИИБдин дагы бир милиционери кармалган. Ал да кыйноого шектелүүдө.

 

6-февраль, 2025-ж. / Редакция / Жаңылыктар 40
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X