Милиция кызматкерлеринин жубайларына “Офицердин жубайы” медалы тапшырылды
Нооруз майрамына карата Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлеринин жубайларына “Офицердин жубайы” медалы тапшырылды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, 19-мартта Аламүдүн РИИБ башчысы Нурланбек Эркинбаев кызматкерлеринин жубайларына “Офицердин жубайы” медалын жана жергиликтүү кеңештин депутаттарына Ардак грамоталарды тапшырды.
Эркинбаев милиция кызматкерлеринин жумушуна түшүнүп, аларга ар дайым колдоо көрсөтүп келишкен жубайларынын эмгектерин баалап,ыраазычылыгын билдирди.
Ал эми Лебединовка айыл аймагынын депутаттарына кылмыштуулук жана башка мыйзам бузууларды алдын алуу учурунда милиция менен биргеликте жумуштарды алып барышкандыгы үчүн ыраазычылык билдирилип, Ардак грамоталарга ээ болушкан.