Министр Асель Чынбаева Венгриянын Кыргызстандагы элчиси менен жолугушту
Кыргыз Республикасынын Юстиция министри Асель Чынбаева Венгриянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана ыйгарым укуктуу Элчиси Шандор Дороги менен жолугушту.
Юстиция министрлигинин басма сөз кызматынын билдирүүсүндө, Асель Чынбаева Шандор Дорогиге Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде Президенттин 2021-жылдын 8-февралындагы № 26 Жарлыгына ылайык мыйзамдарды инвентаризациялоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштери жөнүндө маалымат берип, эки өлкөнүн Юстиция министрликтеринин ортосунда эки тараптуу кызматташууну өнүктүрүүгө ишенимин билдирди.
Шандор Дороги өз кезегинде, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги менен Венгриянын Юстиция министрлигинин ортосунда өз ара кызыкчылык жараткан маселелер боюнча кызматташуу маселесин караштырууну сунуштады.