Министр Ак-Талаадагы селден коргоо иштерин текшерди

27-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 41

Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев Нарын облусуна болгон иш сапарынын алкагында Ак-Талаа районунда болуп, бир катар инфраструктуралык объектилердин абалы менен таанышты.

Алгач министр Ак-Талаа райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн жаңы имаратына барып, курулуш иштеринин сапатын, кызматкерлер үчүн түзүлгөн шарттарды жана имараттын даярдык деңгээлин текшерди.

Андан соң Кара-Бүргөн айыл аймагынын Ак-Чий айылында селден жабыркаган дамбанын бузулган бөлүгүн калыбына келтирүү иштеринин жүрүшүнө көз салды. Ошондой эле Жаңы-Тилек айылында курулуп жаткан селден коргоочу каналдын абалы менен таанышты.

Мындан тышкары, Ала-Буга айыл аймагынын Чолок-Кайың айылындагы «Шырдабектин» сайынын жээгинде курулуп жаткан дамбанын курулушун текшерди. Бул объект жээк эрозиясынын алдын алуу жана аймакты суу каптоо коркунучунан коргоо максатында курулууда.

Иш сапардын жүрүшүндө министр курулуш иштеринин сапатына, белгиленген мөөнөттөрдүн сакталышына жана коопсуздук талаптарынын аткарылышына өзгөчө көңүл бурду.

27-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 41
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X