Министр Нарын шаарындагы жол оңдоо иштерин текшерди
Транспорт жана коммуникациялар министри Талантбек Солтобаев Нарын облусуна болгон иш сапарында Нарын шаарындагы жол куруу жана капиталдык оңдоо иштеринин жүрүшү менен таанышты.
Министр Ленин көчөсүндөгү оңдоо иштерин жеринен көрүп, подрядчы компанияларга жолду белгиленген мөөнөттө жана сапаттуу бүткөрүүнү тапшырды.
Жалпы узундугу 9,025 чакырым болгон жолдун 9 чакырымдан ашыгы асфальтталды. Автожол көпүрөсү капиталдык оңдолуп, жаңы жөө адамдар өтүүчү көпүрө курулуп бүттү.
Ошондой эле тышкы жарыктандыруу иштеринин 17,5 чакырымы аткарылды. Учурда лотокторду орнотуу, аялдама павильондорун, светофорлорду, бордюрларды жана жол белгилерин коюу, жол чийиндерин тартуу иштери жүрүп жатат.
Объектте 84 жумушчу, 9 инженер-консультант жана 19 атайын техника иштеп жатат.
Солтобаев курулушта сапат биринчи орунда турушу керектигин айтып, кемчиликтерге жана иштердин создуктурулушуна жол берилбей турганын белгиледи.
«Эл үчүн курулуп жаткан ар бир объект сапаттуу, коопсуз жана узак жылдар кызмат кыла тургандай болушу керек», — деди министр.