Миңжылкыев көчөсү унаа кыймылы үчүн ачылды

31-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 119

2026-жылдын 31-октябрынан тартып Бишкек шаарындагы Миңжылкыев көчөсүнүн Тыналиев көчөсүнөн Чыңгыз Айтматов проспектисине чейинки бөлүгү унаа кыймылы үчүн ачылды. Узундугу 1,4 чакырымды түзгөн тилкеде жолду асфальттоо жана тротуарларды куруу иштери толук аяктады.

Жол боюн көрктөндүрүү иштеринин алкагында 84 түп клен дарагы отургузулуп, аларды үзгүлтүксүз сугаруу үчүн автоматташтырылган сугат системасы орнотулду.

Жолду ачуу алдында Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев көчөнү жеринен көрүп, бак-дарак отургузуу иш-чарасына катышты.

Мэрдин айтымында, президенттин тапшырмасына ылайык, мындан ары Бишкекте бак-дарактар сугат системасы бар жерлерге гана отургузулат.

«Бишкек шаарында автоматташтырылган сугат системасы орнотулбаган же сугаруу мүмкүнчүлүгү жок жерлерге бак-дарактар отургузулбайт», — деди Айбек Джунушалиев.

Ошондой эле шаар башчысы Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин алдында алынган бардык милдеттенмелер толук аткарылышы керектигин белгиледи.

Текшерүүнүн жыйынтыгында тиешелүү кызматтарга жаңы отургузулган бактарга кам көрүү, жол боюндагы тосмолорду орнотууну аяктоо, эки жер алдындагы жөө адамдар өтмөгүнүн курулушун жана айланасын көрктөндүрүү иштерин кыска мөөнөттө бүтүрүү тапшырылды.

Мындан тышкары, жол кыймылынын ылдамдыгын чектөө жана жөө адамдардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында жасалма дөңчөлөрдү орнотуу милдеттендирилди.

31-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 119
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X