Мирбек Атабеков Казакстандын II даражадагы «Достык» ордени менен сыйланды
Кыргызстандык ырчы Мирбек Атабеков Казакстандын II даражадагы «Достык» ордени менен сыйланды.
Бул тууралуу ырчы Instagram баракчасына жарыялады.
Маалыматка ылайык, сыйлык Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин жарлыгы менен ыйгарылган.
Атабеков бул сыйлыкты чоң сыймык жана чыгармачылык жолундагы жоопкерчилик катары кабыл алганын белгиледи.
«Көрсөткөн урмат-сыйы жана эмгегиме берген жогорку баасы үчүн Казакстандын президентине жана боордош казак элине терең ыраазычылык билдирем», — деп жазган ырчы.