Мирбек Кожоев ээлеген кызматынан бошотулду

24-февраль, 2022-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Саясат 41

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине ылайык Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кожоев Мирбек Кокулбаевич башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу ээлеген кызматынан бошотулду. Тиешелүү Жарлыкка ылайык, анын ордуна Сулайманов Алтынбек Турдубаевич дайындалды.

Мамлекет башчысы бүгүн, 24-февралда, жаңы дайындалган Президенттин региондогу ыйгарым укуктуу өкүлүн кабыл алып, анын алдына аймактын туристтик дараметин эске алуу менен анын мындан аркы социалдык-экономикалык  өнүгүүсү боюнча бир катар конкреттүү тапшырмаларды койду.

24-февраль, 2022-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Саясат 41
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X