Мирлан Жеенчороев: Жерди чет өлкөлүк инвесторлорго 50 жылга чейин пайдаланууга берүү жаңы укуктук норма эмес
Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Жеенчороев Министрлер Кабинети коомдук талкууга чыгарган «Кыргыз Республикасынын Жер кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбооруна байланыштуу пикирин Фейсбуктагы баракчасына жарыялады.
Анын айтымында, мамлекеттик менчиктеги жер тилкелерин улуттук жана мамлекеттик маанидеги инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн чет өлкөлүк инвесторлорго 50 жылга чейин пайдаланууга берүү боюнча сунушталган өзгөртүүлөр коомчулукта ар кандай пикирлерди жаратууда. Бирок бул механизм Кыргызстан үчүн жаңы эмес экенин белгиледи.
Депутат белгилегендей, жерди узак мөөнөткө пайдаланууга берүү мүмкүнчүлүгү өлкө эгемендүүлүк алгандан кийинки алгачкы жылдарда эле мыйзамдарга киргизилген. Тактап айтканда, 1992-жылы кабыл алынган «Кыргыз Республикасындагы концессиялар жана концессиялык ишканалар жөнүндө» мыйзамда жер концессиянын объектиси катары аныкталып, аны 50 жылга чейинки мөөнөткө пайдаланууга берүү укугу каралган. Кийинки жылдары мыйзамга бир нече жолу өзгөртүүлөр киргизилгени менен бул мөөнөт өзгөрүүсүз сакталып келген.
Ошондой эле ал 1999-жылы кабыл алынган Жер кодексинде да мөөнөттүү жер пайдалануунун эң жогорку мөөнөтү 50 жыл деп белгиленип, чет өлкөлүк жактарга жер тилкелерин убактылуу пайдаланууга берүү мүмкүнчүлүгү түзүлгөнүн эске салды. Мындан тышкары, мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө мыйзамдарда да мамлекеттик жана жеке өнөктөштөрдүн, анын ичинде чет өлкөлүк инвесторлордун катышуусу менен 50 жылга чейинки мөөнөткө долбоорлорду ишке ашыруу каралганын билдирди.
Жеенчороевдин айтымында, учурда талкууланып жаткан мыйзам долбоору жерди 50 жылга пайдаланууга берүү боюнча жаңы принципти киргизбейт. Тескерисинче, буга чейин колдонулуп келген укуктук механизмдерди тактап, алардын натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган.
Ал мыйзам долбоорунун негизги жаңычылдыгы жер тилкелерин берүүнүн этаптуу системасын киргизүү экенин белгиледи. Ага ылайык, инвесторго жер тилкеси алгач 10 жылдык мөөнөткө берилет. Инвестициялык келишимде каралган бардык милдеттенмелер өз убагында жана толук аткарылган учурда пайдалануу мөөнөтү 25 жылга чейин узартылат. Ал эми долбоор ийгиликтүү ишке ашып, жерди мындан ары пайдалануу зарыл болсо, мөөнөт 50 жылга чейин узартылышы мүмкүн.
Депутаттын белгилешинче, мамлекет жерди дароо эле 50 жылга бербейт. Ар бир кийинки этап инвестордун өзүнө алган милдеттенмелерин аткаруусуна жараша чечилет. Бул мамлекеттин кызыкчылыктарын коргоого жана инвестициялык долбоорлордун иш жүзүндө аткарылышын камсыз кылууга багытталган кошумча кепилдик болуп саналат.
Ошондой эле Мирлан Жеенчороев бүгүнкү күндө Борбор Азия өлкөлөрүнүн ортосунда инвестиция тартуу боюнча атаандаштык күчөп жатканын белгиледи. Анын айтымында, инвестиция үчүн жагымдуу укуктук чөйрөнү түзүү, атаандаштыкка жөндөмдүү салык системасын калыптандыруу жана инвесторлордун укугун ишенимдүү коргоо экономикалык өнүгүүнүн негизги шарттарынын бири болуп саналат. Мындай чаралар жаңы өндүрүштөрдү ачууга, заманбап технологияларды тартууга, экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө жана жаңы жумуш орундарын түзүүгө өбөлгө болот.
Мисал катары депутат Казакстан менен Өзбекстандагы инвестициялык реформаларды келтирди. Анын маалыматына ылайык, Казакстан англиялык укуктун принциптерин колдонгон атайын финансылык аймакты 2018-жылы түзгөн. Кыргызстан тиешелүү мыйзамдарды 2025-жылы кабыл алып, 2026-жылдын июль айында анын ишин расмий баштады. Өзбекстан да ушул жылы атайын финансылык борбор түзүү жөнүндө мыйзам кабыл алган.
Мындан тышкары, Кыргызстан креативдүү экономика тармагын өнүктүрүү үчүн 2026-жылы Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизип, тармактын катышуучулары үчүн бир катар салык жеңилдиктерин караган. Ал эми Өзбекстан креативдүү технологиялар паркынын катышуучуларын он жылдык мөөнөткө салыктардан бошоткон.
Депутат ошондой эле Өзбекстанда инвестициялык долбоорлорду ишке ашырып жаткан чет өлкөлүк инвесторлорго жер участокторун 49 жылга чейинки мөөнөткө берүү тууралуу мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынганын, ал эми Казакстанда мындай мүмкүнчүлүк 2003-жылдан бери колдонулуп келе жатканын белгиледи.
Жыйынтыгында Мирлан Жеенчороев бул мыйзам долбоору боюнча талкуу эмоцияларга эмес, укуктук ченемдерге, экономикалык эсептерге жана улуттук кызыкчылыктарга негизделиши керек экенин билдирди. Анын айтымында, коомдук талкуудан кийин мыйзам долбоору Жогорку Кеңешке киргизилип, парламент ар бир норманы кылдат талдап, анын мамлекеттин кызыкчылыгына, экономикалык өнүгүүгө жана өлкөнүн инвестициялык атаандаштык жөндөмдүүлүгүнө тийгизе турган таасирин ар тараптуу баалашы зарыл.
«Биздин негизги максат – жерибизди сактоо менен бирге инвестицияларды тартуу, экономиканы өнүктүрүү жана жарандарыбыздын жашоо деңгээлин жогорулатуу болушу керек», – деп жыйынтыктады депутат.