"Эркин-Тоо"

Мобилдик банкинг ыңгайлуу, бирок коопсуздукту да унутпоо керек

Азыркы учурда накталай эмес төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү жүргүзгөн банктык кызматтар калк арасына кеңири жайылууда. Ушуга байланыштуу банктар банк кызматтарын мындан да оперативдүү көрсөтүү үчүн бул ишти алдыга жылдырышып, ыңгайлуу шарттарды түзүшүүдө. Банк кызматтарынын ичинен мобилдик банкингдин жардамы менен аралыктан кызмат көрсөтүүгө да айрыкча маани берилүүдө. Ар кандай жаңылыктын күңгөй-тескейи болот эмеспи, мобилдик банкингдин кызматын пайдаланууда банк кардарлары кандай жагдайларга көңүл буруусу зарыл экендиги тууралуу КР Улуттук банкына кайрылып, төмөндөгүдөй жоопторду алдык.

Мобилдик банкинг деген эмне?

Мобилдүү банкинг – бул мобилдик аппаратка (телефон, планшет ж.б.) орнотулган атайын тиркеме аркылуу банк эсептериндеги (эсептик, депозиттик, кредиттик ж.б.) акча каражаттарын башкаруу мүмкүнчүлүгү.

Аткарган функциясы жана банктык тейлөө мүмкүнчүлүгү боюнча мобилдик банкинг интернет банкингден көп айырмаланбайт, башкы айырмачылыгы пайдалануучулардын мобилдик аппараттарына берилген кызматтарды пайдаланууга көнүү. Мобилдик банкингди пайдалануу үчүн биринчи кезекте банктын кардары болуусу зарыл, андан соң, банк сунуштаган тийиштүү тиркемени ( Google Play жана/же App Store) жайгаштыруу керек. Телефонго тиркеме жайгаштырылаар замат аны аракетке киргизүү үчүн эреже катарында жекече логинди жана паролду түзүүнүн жардамы менен системага катталуу сунушталат. Андан соң бул логин идентификация жолу менен ырасталат, көпчүлүк учурларда авторлоштуруу (ырастоо) жеке электрондук почтасы же телефон номери аркылуу жүзөгө ашырылат. Катталгандан кийин акча каражаттарын башкарууга жол ачылат.

Банктын ар кандай тиркемесине катталуу ырааттуу болушу керек. Кардарлар көрсөтүлүүчү кызматтардын шарттары жана эрежелери менен көңүл буруп таанышуусу жана андан кийинки чыгуулары үчүн логинди жана/паролду эсине сактап калуусу зарыл. Эгерде банктын кардары тиркемедеги логинди жана/же паролду эсине сактап калбаса, аны аралыктан идентификациялоонун жардамы менен же банктын бөлүмүнө барып калыбына келтирүүгө болот.

Мобилдик банкингдин артыкчылыгы

Мамлекеттик жана жеке менчик кызматтар санариптештирилген учурда жеткиликтүүлүк жана убакытты үнөмдөө аз эмес мааниге ээ. Азыркы технологиялардын прогрессивдүү өнүгүүсүнүн натыйжасында коммерциялык банктардын кардарлары банктын бөлүмдөрүнө барбай туруп сутканын 24 сааты бою, аптанын 7 күнү бою банктык кызматтарды алууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Мобилдик банкинг жеткиликтүүлүктөн жана убакытты үнөмдөөдөн башка кандай мүмкүнчүлүктөргө жана/же артыкчылыктарга ээ?

Эң башкы артыкчылыктарынын бири бир тиркемеде кардар пайдаланган эсептик жана депозиттик эсептер, банк карттары, кредиттер сыяктуу бардык банк продукттарына кирүүгө мүмкүнчүлүк ачылат. Башкача айтканда мобилдүү банкинг телефондун балансын толтургандан же айып пул төлөгөндөн тартып банк эсептери, банк карталары ортосунда, ошондой телефондун номери боюнча акча каражаттарын которууга чейинки ж.б. ар кандай банктык операцияларды/төлөмдөрдү жасоого мүмкүндүк берет. Мындан сырткары банктар тарабынан маалыматтын толук спектри жана отчёттуулуктун ыңгайлуу системасы берилет: эсептердеги калган калдык, белгилүү бир мөөнөткө көчүрмө алуу, кредиттерди тындыруу боюнча график берилет.

Мобилдик банкинг аркылуу кардарлар жасалып жаткан операциялар боюнча лимиттерди алмаштыра алышат, регулярдуу төлөмдөр (коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр, балансты толтуруу, балдарга акча которуулар ж.б. ) боюнча шаблондорду түзүүгө, валюталарды алмаштыруу боюнча операцияларды ишке ашыра алышат.

Мындан сырткары мобилдик банкинг алдын ала сактануунун кошумча чарасы катары ыңгайлуу вариант болуп эсептелет. Анткени, тиркеменин жардамы менен кардар жоготкон же алдамчылыкка кабылып калган учурда эсептерин же банк картты тез арада жабууга мүмкүнчүлүгү болот.

Мобилдик банкинг кандай тобокелдиктерге ээ?

Бирок, кызмат көрсөтүүнүн мындай спектри киберкоопсуздук тобокелдигин, жекече маалыматтардын ачыкка чыгып кетишине же банк кардарынын жеке кабинетине санкциясыз кирип алуу тобокелдиктерин көбөйтөт. Ошондуктан кардар мобилдик банкингдин ыңгайлуулугу менен аны пайдалануунун коопсуздугу боюнча талаптардын ортосундагы компромисске келүү үчүн банк кардарлары төмөндөгүдөй сунуштарды аткаруусу керек болот.

1)   көрсөтүлгөн кызматтардын бардык эрежелери жана шарттары менен тааныш болуусу. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык банк кардары менен банктын ортосундагы пайда болгон талаш учурлар эки тараптын макулдашуусу менен кардар менен банктын ортосунда түзүлгөн келишимдеги укуктук мамилелер менен жөнгө салынат. Демек, мобилдик банкингдин кызматын пайдалануудан мурда кардар келишим жана мобилдик тиркеме аркылуу банк кызматтарын алуу боюнча банктын эрежелери менен кылдат таанышып чыгуусу зарыл.

2)   тиркемеге кирүүгө ишенимдүү/татаал паролду пайдаланыңыз, ал узундугу боюнча 8-10 символдон кем эмес сөздөр, сандар жана символдор түрүндө болушу мүмкүн. Айрым убактарда жогорку деңгээлдеги коргонууга ээ болгон банктардын мобилдик тиркемелери мөөнөттүк негизде паролду алмаштырууну автоматтык түрдө сунуштайт. Эгерде мындай болбой калса, аны 2-3 айда алмаштыруу сунушталат.

3)   ар кандай фишингдик маалыматтардан-спам-каттардан, конкурстар жөнүндөгү смс билдүрүүлөрдөн, корголбогон веб-сайттарга берилген шилтемелерден сак болуу керек. Фишинг интернет – алдамчылык жолдорунун бири. Ал почталык жиберүүлөр же смс билдирүүлөр сыяктуу ар түрдүү маалыматтарды жөнөтүү менен банктын кардарларынын жашыруун маалыматтарына ээ болуп алышы мүмкүн. Эгерде банктын кардары күмөн жараткан кат (веб-сайт ж.б.дан билдирүү/смс/шилтеме) алып калса жана ал күмөн жаратса, анда бул маалымат менен таанышуунун же ачуунун кажети жок, андан көрө бул тууралуу банкка билдирип койгон оң.

4)   коопсуздуктун кошумча инструменттерин пайдалануу менен операцияларды (операцияларды эки факторлуу аудентификациялоонун, электрондук кол коюунун же QR code/Touch ID/Face ID шрифттеринин жардамы менен) жүзөгө ашыруу, ырастоо. Мобилдик банкингди пайдалануу келишимине кол коюу учурунда операциялардын ырасталышына көңүл буруу зарыл. Банктар негизинен операцияларды ырастоодо кардардын телефонунун жеке номерине смс-билдирүү аркылуу бир жолку коддорду жөнөтүү жолун пайдаланышат. Эгерде кардар тарабынан операция банктын мобилдик тиркемесинде жүзөгө ашырыла турган болсо, анын ырасталышы үчүн кардар банкка жөнөтүлгөн кардардын телефон номерине бир жолку паролду киргизүүсү зарыл. Муну менен бирге банк тарабынан операцияарды ырастоо же коопсуздуктун кошумча инструменттерин (операцияларды эки факторлуу аутентификациялоонун, электрондук кол коюунун же QR code/Touch ID/Face ID жардамы менен) пайдалануу менен банктын мобилдик тиркемесине кирүү кызматтары сунушталса, кардар аны пайдаланып калуусу керек. Анткени, коопсуздуктун бул чарасы жок эле дегенде смс-билдирүүлөрдү жолдон кармап (уурдап) калуу тобокелдигинен сактайт.

5)   Кардардын жеке маалыматтарын уурдоо тобокелдигин болтурбоо максатында жалпыга жеткиликтүү WI – FI тармагы аркылуу банктын мобилдик тиркемесин пайдалануунун зарылдыгы жок.

COVID-19 пандемиясынын убагында аралыктан банктык кызмат көрсөтүүгө болгон суроо-талап күчөдү. Ошого байланыштуу рынокто банктардын мобилдик тиркемелеринин жаңы түрлөрү пайда болду. Азыркы учурдагы технологиялардын прогрессивдүү өнүгүшүнүн шартында күн сайын өркүндөп жаңыланып отурган банк кызмат көрсөтүүлөрүнүн мүмкүнчүлүк спектри жогорулады.

Эгерде банктын кардары мобилдик банкингдин мүмкүнчүлүктөрүн пайдалануу менен ыңгайлуулукка жана убакыттын үнөмдөлүүсүнө артыкчылык бере турган болсо, ал жеке маалыматтарынын коопсуздугу жана акча каражатынын сактыкта болуусу биринчи кезекте өзүнүн кызыкчылыгы үчүн керек экенин түшүнүүсү зарыл. Ошондуктан кардарлар коопсуздук чаралары боюнча жогоруда көрсөтүлгөн кеңештерге көңүл буруп, аткаруусу зарыл.

№39 «Эркин-Тоо» гезити
2022-жылдын 26-апрели
Абдимухтар Абилов

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!