Монголияда коронавирустун жайылышы күч алууда

14-апрель, 2021-ж. / Редакция / Дүйнө 74

Монголияда биринчи жолу сутка ичинде COVID-19 жуккан эң көп учур катталды. 10 222 ПЦР-тестирлөөнүн жүрүшүндө бул вирус 1220 адамдан аныкталды. Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү 1106 учур Улан-Батордо катталгандыгын билдирди.Ошентип, өлкө боюнча жалпы сан 17823 адамга жетти. Алардын 10253ү сакайып чыгышты деп айтылат маалыматта. Мындан тышкары, 44 жана 49 жаштагы эки бейтаптын каза тапкандыгы белгилүү болду.

14-апрель, 2021-ж. / Редакция / Дүйнө 74
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X