Москва районунда үй өрттөнүп, бир адам каза болду

4-апрель, 2022-ж. / Редакция / Коом 44

Бүгүн, 4-апрель түнкү саат 04:14 чамасында Москва районунун Садовое айылындагы Советский көчөсүндө жайгашкан турак үйдөн өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, турак үйдүн жалпы 12 чарчы метр болгон от жагуучу бөлмөсү күйүп, анын кесепетинен 65 жаштагы К.В. аттуу эркек киши каза болгон.

Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

4-апрель, 2022-ж. / Редакция / Коом 44
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X