"Эркин-Тоо"

МОСКВАНЫ ДУШМАНДАРДАН КОРГОГОН ПАНФИЛОВЧУЛАР

Улуу Ата Мекендик согуш талаасына эң биринчилерден болуп Кыргызстандын аскер комиссары, генерал майор И.В.Панфилов командачылык кылган 316-аткычтар дивизиясы барган. Панфиловдун дивизиясы 1941-жылы 12-июлдан баштап Фрунзе жана Алматы шаарларында уюштурула баштаган. 1941-жылдын 18-ноябрынан тартып гвардиялык дивизия наамына ээ болгон.

1941-жылдын 16-ноябрында Дубосеково разъездиндеги салгылашта Москваны фашисттик баскынчылардан коргоодо генерал Панфиловдун дивизиясынын 28 жоокери бир ай бою өз позицияларында бекем туруп, өчпөс эрдик көрсөтүшкөн. Жыйырмага жакын немец танктарын талкалап, душмандын 11-110-жөө жүрүүчү дивизиясын, миңдеген жоокерлерин жана офицерлерин, 80 танкты жана бир топ аскер техникаларын жок кылышып, немец баскынчыларынын чабуулун токтотушкан.

Албетте, Москваны коргоодо Кызыл Армиянын бөлүктөрүнүн арасында эрдиктин жана баатырдыктын башка үлгүлөрү да болгон. Кан күйгөн согушта баатырлардын эрдиги бекеринен ушул убакка чейин айтылып калбаса керек. Москванын алдындагы салгылашууда миңдеген советтик жоокерлер менен катар генерал-майор И.В.Панфилов да өз өмүрүн берген. Согуш жылдарында айрыкча панфиловчулар өзгөчө мобилизациялоочу ролду аткаргандыгы менен тарыхта калып, легендага айланды.

Москваны коргогону үчүн дивизия Кызыл Жылдыз ордени менен сыйланып, гвардиялык дивизия наамын алган. И.В.Панфилов 1941-жылдын 18-ноябрында Волоколамск районундагы Гусенева кыштагынын жанында курман болгон. Ага “Советтер Союзунун Баатыры” деген наам ыйгарылып, ысмы дивизияга берилген. “Советтер Союзунун Баатыры” деген наам дивизиянын 28 панфиловчу жоокерлерине да ыйгарылган. Алардын арасында кыргызстандык баатырларыбыз – Дүйшөнкул Шопоков, Николай Ананьев, Григорий Шемякин, Иван Москаленко, Григорий Конкин, Григорий Петренко жана Иван Добробабиндер болушкан.

1942-жылдын март айын да дивизия душманды артка сүрүп чыгарган эрдиги үчүн Ленин ордени менен сыйланган.

№40-41 «Эркин-Тоо» гезити
2022-жылдын 29-апрели
Бактыгүл КУЛАТАЕВА

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!