Муфтият: Айт намаздын программасы жана санитардык талаптар
Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын берген маалыматына ылайык, айт намаз 13-май күнү эртең менен Бишкек шаарындагы жана өлкө аймагындагы бардык мечиттерде окулат.
Муфтият санитардык талаптарды бекем сактоону эскертип, айт намазынын программасын жарыялады:
- 07:00-07:15 — Азирети муфтийдин милдетин аткаруучу Жоробай ажы Шергазыевдин куттуктоосу жана баяндамасы;
- 07:15 — Айт намаз.
Айт намазга келген ар бир жаран төмөнкү санитардык эрежелерди так сактоосу керек:
- Бет кап тагынуу;
- Ар бир адам жайнамазын ала келиши керек;
- Мечитте адамдардын ортосунда 1,5 метрлик аралык так сакталышы кажет;
- Жарандардын кол алышып, кучакташып көрүшүүсүнө тыюу салынат;
- Дааратты үйдөн алуу;
- Жаш балдар жана ооругандар, дене табы көтөрүлүп жаткан жарандардын келбей эле койгону туура;
- Айт намазы мечиттерде окулуп бүткөн соң көп убакытка кармалбай тарап кетүү сунушталат.