МУГАЛИМ ЖАНА ОКУУЧУ

1-апрель, 2022-ж. / Редакция / Жаңылыктар 81

Азыркы жаштар кимдер? Алар кандай? Биз кандай элек?   Мени мугалим катары ушул суроолор көп түйшөлтөт. Себеби, азыркы балдарга билим берүүдөн мурда, алардын билим алууга болгон кызыгуусун арттыруу чоң маселе деп ойлойм!

Мен билимди, болочокто өнүп-өсүп мөмө берүүчү көчөткө же, азыгы мол үрөнгө окшотом. Демек, биздин билим бергенибиз – бул келечекте жемишин көрүү үчүн үрөн себүү менен барабар деп эсептейм.

Жакшы дыйкан үрөн себүүнүн алдында биринчи кезекте жердин кыртышына көңүл бөлөт, аны изилдейт. Суудан өксүбөш үчүн жакын жердеги агын сууларды арык же түтүкчөлөр аркылуу тартып келет. Жер үрөндү жакшы кабыл алышы үчүн анын бетин жумшартып даярдайт. Ошондо гана эмгеги текке кетпей, жыйынтыгында өзү күткөн жемишин ала алат. Баса дыйкан үрөндү сээп гана койбостон, маалы менен сугарып, отоо чөптөрүн жулуп турушу зарыл.

Антпесе, суунун жетишсиздиги менен отоо чөптөр бакчага терс таасирин тийгизет.

Ошол жер көктөсө, гүлдөсө дыйкан жаш балача кубанат. Анткени, эмгегинин акыбети кайтканын түшүнөт. Ал өстүргөн нерселер жеке эле анын жашоосуна таасир бербестен, башка инсандарга да пайда алып келет.

Ошол сыяктуу эле, эгерде биз окуучулардын өздүгүн тааныбасак, каалоолорун эске албасак, анда биз берген билим окуучуга сиңбейт. Анда эмгегибиз, жылдарыбыз текке кетет, сепкен үрөнүбүз үзүрүн бербей майнапсыз калат.

Азыркы жаштар кандай?..

Алар сезимтал, мээримге муктаж. Анткени, замандын агымына жараша көбүнүн эне-аталары  чет жерде жүрүшөт. Үйүндө болсо деле мурдагыдай балдары менен баарлашуу аз. Тилекке каршы, азыркы көп нерсени акча чечкен мезгилде, алар балдарын материалдык жактан камсыздоо менен убара! А балдардын руханий байлыгын өстүрүү — унутта калгандай…

Жаштар ойчул, көкүрөгүндө тынчыздануу бар! Мунун себеби эмнеде? Себеби, азыр дүйнө тынч эмес, экономикалык абал туруктуу эмес. Үйдөгү эне аталарынын тынчсыздануусу, коркуусу аларга каны аркылуу берилген…

А бирок, ошого карабастан, азыркы жаштар акылдуу, зирек. Техникалык жактан жөндөмү окутуучулардан ат чабым алдыда!

Демек, мыкты берген билимибиз сиңимдүү болуусу үчүн – биз, мугалимдер, өзүбүздү ар тараптуу өнүктүргөндөн тажабашыбыз керек!

Сабактарда койгон максаттарыбыз актуалдуу, сабакты ачып берүү ыкмаларыбыз – заманбап жана кызыктуу болушу абзел.

«Үйрөтүп жатып үйрөнөм» — деген орус элинин макалы бар. Ошондуктан азыркы жаштардын билим алууга болгон кызыгуусун арттыруу үчүн, биз — билимдүү, санарип, заманбап, тамашакөй, түшүнүктүү, мээримдүү, ар тараптуу болушубуз керек экен, урматтуу кесиптештерим!

Мен өз кесибимди сүйөм жана анын мурункудай кадыр-баркын кайтарып алгым келет…

Ким мени менен?!.

№31 «Эркин-Тоо» гезити
2021-жылдын 1-апрели
Жылдыз Сулайманова,
Бишкек шаарындагы №83 орто мектептин мугалими

 

 

1-апрель, 2022-ж. / Редакция / Жаңылыктар 81
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X