Мугалимдерге кошумча акы бир класска жетекчи болгону үчүн эле төлөнөт

22-апрель, 2022-ж. / Редакция / Коом 39

Мугалимдерге кошумча акы бир класска жетекчи болгону үчүн эле төлөнөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин бюджеттик саясат жана финансылык анализ башкармалыгынын начальнигинин милдетин аткаруучу Гүлнара Токтахунова билдирди.

Адистин айтымында, эки классты бир учурда башкаруу туура эмес. Класс жетекчи бир гана класска жооп бериши керек. Мурда класс жетекчиликке аз эле, 500 сомдун тегерегинде акча төлөнсө, эми 1 400 сомдон төлөнө баштайт.

22-апрель, 2022-ж. / Редакция / Коом 39
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X