"Эркин-Тоо"

Мукормикоз Индияда Covid-19дан айыккандарды көздөрүнөн ажыратууда

Коронавирустун экинчи толкуну даң салган Индияда Мукормикоз (“кара козу карын”) деп аталган адамдарда сейрек учуроочу инфекция Covid-19 менен ооруп айыккандарга коркунуч туудура баштады.

Мукормикоз менен ооругандардын мурундары бүтүп же канайт, көздөрү шишип, ооруйт, сурмалары түшүп, андан соң көрүү жоголот. Мурундун айланасындагы терилер карайып кетет. Врачтардын айтымында, мукормикоз ишфекциясы мээге жетпеши үчүн бейтаптардын бир көзүн алып салууга туура келет. Инфекцияны токтотуу үчүн жаак сөөк алып салынган учурлар да бар.

Бул ооруга бир гана дары каршы тура алат – козу карынга каршы кан тамырга инъекция жасоо. Дозасынын баасы 48 доллар турган инъекцияны кун сайын 8 жума аралыгында жасоо талап кылынат.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!