Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы Ош облусунда 47 жаранга жөлөкпул мыйзамсыз чегерилгендиги аныкталып, кылмыш иши козголду. Маалыматка караганда, бул иш Кара-Суу районунун эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгында жүргүзүлгөн текшерүүнүн натыйжасында аныкталган. Аталган башкармалыктын кызмат адамдары 2023-жылдын июнь айынан 2024-жылы майга чейин муктаж эмес адамдарга жөлөк пул берген деп шектелүүдө. Натыйжада мамлекетке жалпы 1 млн 323 миң 400 сомдук зыян келтирилген.
Факты боюнча Ош облусунун прокуратурасы Кылмыш-жаза кодексинин «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» жана «Кызматтык жасалмачылык» беренелери менен кылмыш ишин козгоду. Иш тергелип жатканы айтылды. Жөлөк пул 47 кишиге кандай шартта берилгени айтылган эмес.
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин былтыр октябрдагы маалыматы боюнча, Кыргызстанда “Үй-бүлөгө көмөк” жөлөк пулдун өлчөмү — 1200 сом. Аны 76 миң 443 үй-бүлө алып жатат.