"Эркин-Тоо"

Мунай экспорттоочу өлкөлөр уюмунун башкы катчысы каза болду

Мунай экспорттоочу өлкөлөр уюмунун (ОПЕК) башкы катчысы Мохаммед Баркиндо5-июлда каза болгонун РИА Новости билдирди.

Белгиленгендей, 63 жаштагы Баркиндонун өлүмүн Нигериянын Улуттук мунай корпорациясынын (NNPC) башчысы Меле Кяри твиттерге жазып чыккан.

«Биз урматтуу доктор Мохаммед Сануси Баркиндону жоготтук. Бул, албетте, анын үй-бүлөсү, NNPC, биздин өлкө Нигерия, ОПЕК жана дүйнөлүк энергетика коомчулугу үчүн чоң жоготуу. Маркумду акыркы сапарга узатуу тууралуу маалымат жакында жарыяланат», — дейт Кьяри.

Баркиндо ОПЕКти 2016-жылдын августунан бери жетектеп келген. Ал бул кызматта эки мөөнөт иштеген, анын ыйгарым укуктары июль айынын аягында бүтүшү керек болчу.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!