Мунай заводунда суюлтулган газ өндүрүү пландалууда
Токмок шаарындагы «Токмок мунай иштетүү заводу» ЖЧКсы суюлтулган газ өндүрүүнү пландоодо. Бул тууралуу мэрдин биринчи орун басары Азамат Намазалиевдин аталган заводдун ишмердүүлүгү менен таанышуусу учурунда белгилүү болду.
Завод Токмок шаарынын өнөр жай аймагында жайгашып, аянты 24,6 гектарды түзөт. Ишкананын негизги ишмердүүлүгү – мунайды кайра иштетүү. Завод 2018-жылдан бери чийки заттын туруктуу камсыз болбогондугунан жана анын жогорку баасы өндүрүштү кирешесиз кылгандыгына байланыштуу ишин токтоткон.
Белгилүү болгондой учурда нефтебазаны кайра жандандыруу максатында реконструкциялоо иштери жүргүзүлүүдө. Долбоор толук ишке ашырылгандан кийин 100гө жакын жаңы жумуш орду түзүлөт деп күтүлүүдө.
иринчи күнү башталды. Агартуу министрлигинен билдиришкендей, иш-чарага өлкөнүн бардык аймактарынан 490 бала келди.
Иш-чарага Агартуу министринин орун басары Альберт Махметкулов катышты. Ал балдарды келе жаткан майрамы менен куттуктап, окууда ийгиликтерди жана жаңы жетишкендиктерди каалады.
Балдар «Сейтек» балдар жана өспүрүмдөр улуттук борборуна жана Б.Кыдыкеева атындагы театрына барышып, оюн-зоок программасы менен «Маугли» театралдык спектаклин көрүштү.
Негизги программа бүгүн, 19-декабрда Т.Сатылганов атындагы филармонияда мамлекеттин жетекчилигинин катышуусу менен уланат.