Мурат Каримсаков кыргыз-казак кызматташтыгына кошкон салымы үчүн алтын медаль менен сыйланды

29-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 51

Бишкекте өткөн Кыргыз-Казак ишкерлер кеңешинин кеңейтилген жыйынында Казакстандын Тышкы соода палатасынын башкармалыгынын төрагасы Мурат Ратович Каримсаков алтын медаль менен сыйланды.

Сыйлыкты Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын президенти Темир Сариев тапшырды.

Алтын медаль Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы соода-экономикалык байланыштарды өнүктүрүүгө, ишкер чөйрөлөрдүн кызматташтыгын бекемдөөгө жана эки өлкөнүн бизнес өкүлдөрүнүн өз ара аракеттенүүсүн кеңейтүүгө кошкон салымы үчүн берилди.Возможно, это изображение текст

Темир Сариев эки өлкөнүн ишкердик өнөктөштүгүн мындан ары да чыңдоо маанилүү экенин белгиледи.

29-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 51
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X