Мурат Укушов: «Дача СУ боюнча комиссия түзүлө элек»
Дача СУдагы 39 адамдын өмүрүн алган учак кырсыгын иликтөө боюнча коомдук комиссиянын курамы аныктала элек. Бул тууралуу Президенттик администрациясынын өкүлү Мурат Укушов билдирди.
Эске салсак, Президент Садыр Жапаров Дача-Судагы учак кырсыгы боюнча кошумча иликтөө болорун, ал үчүн коомдук комиссия түзүүнү тапшырганын 8-майда билдирген.
Мурат Укушов эгер комиссия түзүлө турган болсо, анын курамы мамлекет башчынын Жарлыгы менен бекитиле тургандыгын кошумчалады.