Музыка, салт жана мурас: Бостериде «NOMAD FEST» өттү

4-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 149
3-сентябрда VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында Бостери айылындагы «Дордой-Номад» эс алуу борборунун чоң сахнасында «NOMAD FEST» эл аралык музыкалык-этнографиялык фестивалы болуп өттү.
2-сентябрда башталган фестиваль музыка, чыгармачылык жана көчмөндөрдүн маданий мурастарын бириктирген ири маданий аянтчага айланды. Иш-чаранын жүрүшүндө улуттук музыкалык мурас, аткаруучулук өнөр жана чыгармачыл топтордун программалары көрүүчүлөргө тартууланууда.
Фестивалга Кыргыз Республикасынын экс-президенти Роза Отунбаева катышып, концерттик программаны көрүп, чыгармачыл топтордун өнөрүнө күбө болду.
«NOMAD FEST» фестивалы VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын маданий программасынын маанилүү бөлүктөрүнүн бири болуп, Кыргызстандагы жана башка өлкөлөрдөгү көчмөн маданиятынын өзгөчөлүктөрүн, музыкалык өнөрүн жана салттуу баалуулуктарын кеңири таанытууга багытталган.
Иш-чаранын жүрүшүндө келген коноктор ар түрдүү музыкалык номерлерди көрүп, чыгармачыл топтордун жана өнөрпоздордун аткаруусунан тартуулашты.
4-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 149
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X