Мыйзамсыз иш жүргүзгөн “Түндүкэлектрдин” кызматкерлери кармалды

28-март, 2022-ж. / Редакция / Кылмыш 32

“Түндүкэлектр” ишканасынын кызматкерлери кармалды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Башкы прокуратура тарабынан “Түндүкэлектр” ААКнун жооптуу кызмат адамдары электр энергиясына болгон дебитордук карыздарды мыйзамсыз баланстан чыгарышып, бул аракеттерден улам 39 млн сомдук зыян келтирген факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси (“Коррупция”) менен кылмыш иши козголгон.

Кылмышка шектүү катары “Түндүкэлектр” ААКнын башкы директорунун мурдагы орун басары Ж.Т.О., Панфилов району боюнча энергия сатуу бөлүмүнүн башчысы Б.Т.О. жана Бишкек шаары боюнча энергия сатуу бөлүмүнүн башчысы С.М.С. кармалышып, убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

28-март, 2022-ж. / Редакция / Кылмыш 32
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X