Н.Изабеков: «Айсулуу Тыныбекованын жаракат алган буту эки жумадан кийин калыбына келет»
Азия чемпионатында бутунан жаракат алган Айсулуу Тыныбекова эки жумадан кийин калыбына келет. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында Кыргызстандын кыз-келиндер арасында күрөш боюнча курама командасынын машыктыруучусу Нурбек Изабеков билдирди.
«Айсулуу медициналык кароодон өттү. Эки жумадан кийин калыбына келет. Бирок машыгууларды өткөрүп, башка дене булчуңдарына көнүгүүлөрдү жасап жатат. Негизи спортчулар жаракат алып калса, башка булчуңдарын машыктыра берет”, — деди Изабеков.
Эске салсак, балбан кыз Азия чемпионатынын финалында япониялык Нонока Одзакиге каршы килем үстүнө чыккан. Кармаштын экинчи бөлүгүндө Нонока Одзаки атаандашынын бутун кайчылаштырып, оодарганда Айсулуу бутун кокустатып,күрөштү уланта алган эмес.
Эскерте кетсек, 19-24-апрель күндөрү Монголиянын Улан-Батор шаарында Азия чемпионаты өттү. Ага Кыргызстандын атынан жалпы 21 балбан аттанган.