NABU КЫРГЫЗСТАН уюмунун жетекчиси Толкунбек АСЫКУЛОВ: “Жаныбарлардын корголушу үчүн биз жоопкерчиликтүү болушубуз керек”

10-декабрь, 2024-ж. / Редакция / Эркин Тоо гезити 61

“Германиянын табиятты коргоо союзу (NABU)” коомдук уюмунун Кыргыз Республикасындагы филиалы NABU Кыргызстан 2010-жылы түзүлгөн. Жапайы жаратылышты изилдөө, браконьерчиликке каршы күрөшүү, экологиялык билим берүү жана жаныбарларды кайра калыбына келтирүү иштерин жүргүзөт.

NABU КЫРГЫЗСТАН уюму – Кыргызстанда жапайы жаныбарларды коргоо, изилдөө иштерин гана жүргүзбөстөн, калк арасында экологиялык билим берүү жаатында да алгылыктуу иштерди аткарып келет. NABU КЫРГЫЗСТАН уюмунун жетекчиси Толкунбек АСЫКУЛОВ биз менен болгон маегинде буларга токтолду.

 — Толкунбек Асыкулович, илбирстерди сактоо, алардын санын тактоо жана жаратылыштагы жашоо-шарттарын жакшыртуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу айтып берсеңиз.

— Быйыл мамлекет тарабынан бизге илбирстердин так санын аныктоо тапшырмасы берилген эле. Бул багытта чоң иштерди аткарып, жыйынтыгын чыгарууга аракет кылдык. Бирок, бул маалымат расмий түрдө Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги тарабынан жарыяланат. Алдын ала жүргүзүлгөн эсептөөлөргө ылайык, Кыргызстандын аймагында 350-400дөй илбирс бар деп болжолдонууда.

Илбирстердин санын тактоо жана алардын өзгөчөлүктөрүн аныктоо максатында өнөктөштөр менен биргеликте мониторинг иштерин жүргүздүк. Фототузактарды колдонуп, жаратылышка байкоо жүргүзүп, мурда жетпеген аймактарга да жеттик. Өткөн жылы түштүк региондордо фототузактарды көп коюп келсек, быйыл түндүк аймактарды да камтыдык. Кызыгы, илбирс жок деп эсептелген аймактардан да фототузактарга илбирстин сүрөттөрү түшүп жатат.

Мындан тышкары, экологиялык билим берүү багытында да активдүү иштерди аткаруудабыз. Биздин кызматкерлер бала бакчаларда, мектептерде, жогорку окуу жайларда жана жергиликтүү калк арасында илбирстердин жашоо-чөйрөсү тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, элдин экологияга болгон түшүнүгүн жакшыртууга аракет көрүп, мектеп окуучулары тарабынан атайын даярдалган “Ак илбирс көрсөң, атпай жүр!” спектаклин бала бакчалардын тарбиялануучуларына, мектеп окуучуларына көрсөтүп жатабыз.

2024-жыл биздин мекемеде “Экологиялык билим берүү жылы” деп жарыяланган. Бул алкакта лекцияларды, докладдарды уюштуруп, браконьерчиликке каршы иштерди күчөттүк. Биздин “Барс тобу” бөлүмүбүз мыйзамсыз аңчылыкка каршы иш-чараларды жүргүзүп, Кемин районунда браконьерлерди кармап, тергөө органдарына өткөрүп берүү иштерин ийгиликтүү аткарып келди. Ошондой эле, жапайы жаныбарларды каттоо боюнча Чоң-Кемин мамлекеттик жаратылыш паркында кызматкерлерибиз жаныбарлардын санын аныктоого жардам беришти.

Биздин реабилитациялык борбордо азыркы учурда эки илбирс, сүлөөсүн жана ар кандай канаттуулар багылууда. Жакында борборубузга 2 айлык аюунун мамалагы алынып келинген. Ал Сузак районундагы Үрүм-Башы суусунда агып бараткан жеринен жергиликтүү тургундар тарабынан табылган. Мамалак бизге жеткенде 7 килограмм эле, азыр болсо анын салмагы 50 килограммга жетти. Учурда бул аюуну кайсы корукка кое берүү боюнча даярдык иштери жүрүп жатат. Жалпысынан жаратылышты коргоо жана жаныбарларды сактоо боюнча иштерибиз үзгүлтүксүз уланууда.

— Сиздердин аракеттер жергиликтүү элдин экологиялык сабаттуулугун жогорулатып жатабы?

— Жалпы элдин экологиялык сабаттуулугу акырындык менен жогорулап келе жатат. Ошентсе да түшүндүрүү иштери үзгүлтүксүз жүргүзүлүшү керек. Элге бир жолу маалымат берип коюу жетишсиз, маалыматты кайра-кайра кайталап жайылтуу аркылуу гана аң-сезимди өзгөртүү мүмкүн.

Биз жер-жерлерди кыдырганда элдин аң-сезиминдеги өзгөрүүлөрдү байкап жатабыз. Мисалы, тургундар биздин иш-чаралардан кийин: “Бул тууралуу мурун укканбыз, биз да колдон келсе аткарууга аракет кылып жатабыз” деген пикирлерин айтышууда. Бул иш-аракеттерди илимий-педагогикалык негизде күчөтүп, элдин аң-сезимин дагы жогору көтөрүүгө шарт түзүлсө жакшы болмок.

Келечек муундардын экологиялык аң-сезимин калыптандыруу максатында Нарын районунун Кара-Кужур өрөөнүндөгү жана Кемин районунун Жаңы-Алыш айылындагы бала бакчаларда экологиялык аянтчаларды ачып бердик. Бул жактан балдар жаратылышты таанып-билүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Балдар жөн гана ойноо менен чектелбей, жаратылыштын баалуулуктарын түшүнүп, аны коргоону үйрөнүшөт.

Ошондой эле мектептерге метеостанция куруу планыбыз бар. Ал жерде окуучулар климаттын өзгөрүшүн, жаан-чачындын түшүшүн, кургакчылыкты жана өсүмдүктөрдүн өсүү процесстерин байкап, жаратылыш менен түз байланышта билим алышат. Андан сырткары, бала бакчалар үчүн кыргыз тилинде илбирсти сактоо жана жаратылышты коргоо темасында мультфильм тартуу идеясы да каралууда.

— Жергиликтүү калк жапайы жаныбарларды коргоого кандайча өз салымын кошо алат?

— Биринчиден, жарандар браконьерчиликке барбай, мыйзамсыз аңчылыкка күбө болушса, бул тууралуу бизге маалымат берип турса жакшы болмок. Биз андай учурларды чечүүгө аракет кылабыз. Мындан сырткары, жергиликтүү калк экологиялык аң-сезимин өнүктүрүүдө бизге жардам берсе абдан пайдалуу болмок. Мисалы, биздин кызматкерлер аймактарды кыдырып, бала бакчаларда, мектептерде жаш балдарга ар кандай экологиялык сабактарды өткөрүп, алардын жаратылышка болгон мамилесин калыптандыруу аракетин көрүп жатабыз. Жергиликтүү калк бул иштерди улантса, биздин аракеттерибиз үзгүлтүксүз уланып турат эле. Себеби, биздин уюм Кыргызстандын бардык аймагын камтый албай жатат.

— Ошондо бизде жапайы жаныбарлардын саны көбөйүп жатабы?

— Биз илбирсти санакка алууда алардын бир аз болсо да көбөйгөнүн байкадык. Мурда мыйзамсыз аңчылык ачык эле жүрүп келген учурлар болчу. Азыр мамлекет тарабынан көңүл бурулуп, илбирске болгон айып пулдун 1,5 миллиондон 2 млн сомго көбөйүшү, экологиялык уюмдардын ишмердүүлүгү, фототузактардын колдонулушу браконьерчиликтин алдын алып жатат.

Бирок, антропогендик факторлор жогорулап жатканын белгилей кетүү керек. Мал чарбасынын өнүгүшү, жайыттардын тартыштыгы жана башка себептер менен адамдар жапайы жаныбарлардын чөйрөсүнө кирип, алардын табигый жашоо шарты бузулууда.

— Жапайы жаныбарлардын айылдарга кириши боюнча кандай чаралар көрүлүшү керек?

— Акыркы мезгилде жапайы жаныбарлардын айылдарга түшүү учурлары көбөйүүдө. Бул көйгөй жаныбарлардын тоют базасынын азайышы жана алардын жашоо чөйрөсүнүн тарышы менен байланыштуу. Кышында алардын азык табуу мүмкүнчүлүгү азайып, натыйжада адамдар жашаган аймактарга түшүп жатышат.

Карышкырлардын негизги тоюту болгон коёнду браконьерлер кышында атып алышат. Тоюту азайган карышкыр айылга түшүп, жергиликтүү мал-жанга кол салышы мүмкүн. Бул көйгөйдү чечүү үчүн браконьерчиликке каршы иш-чараларды күчөтүү жана жапайы жаныбарлардын жашоо чөйрөсүн коргоо боюнча активдүү иштерди улантуу керек.

Бул багытта мен жакында «Малчы жана жырткыч» аттуу китеп жазып, басмаканадан чыгардым. Бул китепте жырткыч жаныбарлардан коргонуу, короолорду туура тосуу жана малды коопсуз бакканды үйрөнүү боюнча маалыматтарды камтыдым. Эми бул китепти малчыларга таратып, жырткычтардан коргонуу боюнча маалымдуулукту арттырсак деген ойдомун.

— Толкунбек Асыкулович, эл жаратылышка туура эмес мамиленин кесепетин түшүнөбү?

— Биз адамзат көбүнчө жаратылыштын мыйзамдарына каршы аракет кылып жатабыз. Азыр жейрендерди кайра жандандыруу максатында биргелешкен долбоордун алкагында Өзбекстандан алып келип, коруктарга коё берүүнү пландап жатабыз. Бул чоң чыгымдарды талап кылат. Мурун Кыргызстандын көл жээктеринде жейрендер эркин эле жүрчү экен. Экологиялык көйгөйлөрдөн улам бул жаныбарлар биздин аймакта тукум курут болуп калса, ал эми туран жолборсу Орто Азиянын аймагынан толук жок болду.

Илбирсти коргоо азыркы экологиялык системаны сактап калуу үчүн өтө маанилүү. Эгер илбирстер жок болуп кетсе, экосистеманын тең салмактуулугу бузулуп, тоо-таштардын деградациясына, мөңгүлөрдүн тез эришине жана башка кесепеттерге алып келиши мүмкүн. Илбирс – тоо экосистемасынын ортоңку бөлүгүндө болуп, тоо-таш, топурак, өсүмдүктөр, жаныбарлар жана суу ресурстары менен түздөн-түз байланышта болгондуктан, биз бул табигый байланыштарды сактоо үчүн күч-аракет жумшашыбыз керек.

— Кыргызстандын учурдагы экосистемасы кандай абалда?

— Кыргызстандын экосистемасы башка аймактарга салыштырмалуу табигый, жапайы абалында сакталып келет. Бирок, бул абалды сактап калуу үчүн системалуу чаралар көрүлбөсө, бузулуу коркунучу жогору. Тоолуу региондор өтө аярлуу, ал эми бийик тоолордун экологиясы ар кандай чарбалык жана антропогендик аракеттерден оңой жабыркайт.

Тоолордогу өсүмдүктөрдүн тамырлары жука жана тайыз болуп өсөт. Алар тебеленсе, өсүмдүктөр такыр жок болуп кетет. Мисалы, топурактын 1 см катмары 100 жылда пайда болот. Андыктан туш келди жер казуу деградацияга алып келет. 2900 метрден жогору бак өспөйт, анткени табияттын мыйзамы боюнча бийиктикте жапайы, чыдамдуу өсүмдүктөр гана өсүүгө ылайыкташкан.

— Тоолорубузга сырттан жаныбарлар же канаттуулар келеби?

— Кыргызстандын тоолорунда уялап, кийин түштүк жакка миграция кылган канаттуулар көп. Илбирс сыяктуу жаныбарлар Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Кытай аймактарына чейин өтүп кетиши мүмкүн. Алардын радиусу 100 км чейин жетет. Башка региондордон жаныбарларды алып келип, бул жерде жашатуу мүмкүн эмес, анткени ар бир жаныбардын өзүнө ылайык экосистемасы жана шарттары болот.

Канаттуулар боюнча токтолсом, канаттуулардын тоют базасы аз болгондуктан, алардын жашоосу кыйын. Браконьерчилик жана канаттууларды колго үйрөтүү да алардын санын азайтууда. Кээде аларды багып жатабыз деп өлтүрүп алуу учурлары кездешет. Жапайы жаныбарлар жана канаттуулар табиятта эркин жашайт, алардын корголушу үчүн биз жоопкерчиликтүү болушубуз керек.

Аймактарда жарандарга табиятка зыян келтирүүнүн кесепеттери жөнүндө түшүндүрүү иштерин тынымсыз жүргүзүп, экосистеманы коргоо боюнча мамлекеттик деңгээлде саясатты күчөтүү жана жергиликтүү коомдордун активдүү катышуусун камсыз кылуу зарыл.

 

                                                                                                        Кенже Осмоналиева

10-декабрь, 2024-ж. / Редакция / Эркин Тоо гезити 61
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X