«Наристе» фестивалы жаш таланттарды дүйнөнүн булуң-бурчунан чогултту
31-май күнү Бишкек шаарында дүйнөнүн ар кыл өлкөлөрүнөн келген жаш таланттарды бириктирген VI Эл аралык «Наристе» балдар фольклор фестивалынын салтанаттуу ачылыш аземи өттү.
Иш-чарага Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев, Кыргыз Республикасынын Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Асель Чынбаева, Фольклордук уюмдардын жана салттуу искусствонун эл аралык кеңешинин (CIOFF) президенти Кристиан Идальго-Маццейни, ошондой эле ардактуу коноктор, чыгармачыл жамааттардын өкүлдөрү жана шаар тургундары катышты.
Фестивалдын ачылышында сөз сүйлөгөн Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев маданияттын элдердин ортосундагы достукту жана өз ара түшүнүшүүнү чыңдоодогу орду өзгөчө экенин белгилеп, балдар улуттук каада-салттарды сактоодо жана келечек муундарга өткөрүп берүүдө маанилүү миссияны аткарышарына токтолду.
«Бишкекте дүйнөнүн ар тарабынан келген досторубузду кайрадан тосуп алуу биз үчүн чоң сыймык. Фестивалдын өзгөчө баалуулугу анын башкы каармандары балдар экенинде. Алар музыка, бий, элдик аспаптар жана чыгармачылык аркылуу өз маданиятын таанытып гана тим болбостон, башка элдердин маданий мурастарына да урмат менен мамиле кылууга үйрөнүшөт. Маданият элдерди жакындаткан эң бекем көпүрө бойдон калууда», — деди шаар башчысы.
Быйылкы фестивалга Беларусь, Монголия, Казакстан, Корея Республикасы, Түркия, Румыния, Россия Федерациясы, Өзбекстан жана Кыргызстандын өкүлдөрү катышууда. Уюштуруучулардын маалыматына ылайык, фестиваль өткөн жылдар аралыгында өзүнүн географиясын кеңейтип, дүйнөнүн 20дан ашуун өлкөсүнөн келген катышуучуларды бириктирген ири маданий аянтчага айланды.
Фестивалдын алкагында элдик бий жана аспаптык ансамблдердин концерттери, мастер-класстар, эл аралык конференциялар, кол өнөрчүлөрдүн көргөзмөлөрү, маданий долбоорлордун презентациялары жана Бишкектин тарыхый-маданий жайларына экскурсиялар уюштурулат.
«Наристе» фестивалы дүйнө элдеринин маданий мурастарын сактоо жана жайылтуу, маданияттар аралык диалогду өнүктүрүү жана балдардын чыгармачылык мүмкүнчүлүктөрүн колдоо багытындагы маанилүү эл аралык платформа катары таанылып келет.
Белгилей кетсек, фестивалдын жыйынтыктоочу гала-концерти 1-июнь күнү саат 17:00дө Ала-Тоо аянтында өтөт. Майрамдык программа Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө арналган балдар дискотекасы менен жыйынтыкталат.