Нарын дарыясына агып кеткен сегиз жашар бала табыла элек

14-март, 2022-ж. / Редакция / Аймак 49

7-мартта Нарын дарыясына түшүп кеткен сегиз жаштагы бала табыла элек. Бул тууралуу ӨКМнен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Нарын районунун Орто-Нура айылында 2014-ж.т. Т.Т. аттуу жаш бала Нарын дарыясына агып кеткен.

Табылбай жаткан жаш баланы издөөгө 13-март күнү ӨКМ тарабынан 20 куткаруучу, ИИМден 12 кызматкер тартылып, 85-чакырым аралыкта иш жүргүзүшкөн. Бүгүн, 14-мартта издөө улантылат.

14-март, 2022-ж. / Редакция / Аймак 49
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X