Нарын шаарынын мэрин шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылды
Борбордук шайлоо комиссиясы Нарын шаарынын мэрин шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарды. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, шайлоонун жокко чыгарылышына “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамдын күчүнө кириши себеп болгон.
Эскерте кетсек, 22-октябрда Нарындын мэри шайланып, кызматка 31 жаштагы Арслан Сталбек уулу келген болчу.