Нарында 50 жаштагы кишини терек басып калып каза болду

10-март, 2022-ж. / Редакция / Аймак 37

Нарында 50 жаштагы кишини терек басып калып көз жумду. Бул тууралуу Нарын ОИИБден билдиришти.

Маалыматка ылайык, 5-мартта Жумгал районунун Беш-Терек айылынан, 1972-жылы туулган Бишкек шаарынын тургуну, кыйылган 5 метрлик калың теректерди унаадан жерге түшүрүп жатып, терек менен кошо жерге жыгылып түшкөн. Теректин алдында калган жаран тилекке каршы  каза болуп калды.

Окуя боюнча, болжол менен саат 16:10 чамасында Жумгал райондук ооруканасынын хирургия бөлүмүнө Кызыл-Жылдыз айылынын 1972-жылы туулган жараны Беш-Терек айылынан кыйылган бакты түшүрүп жатып, каза болуп калды деген билдирүү түшкөн.

Аталган факты Жумгал РИИБи тарабынан каттоого алынып,
соттук-медициналык экспертиза дайындалып, тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.

10-март, 2022-ж. / Редакция / Аймак 37
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X