Нарында эркек киши сууга чөгүп каза тапты. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, 28-июнда Кочкор районуна караштуу Кара-Күңгөй айылынын Деркенбай тилкесиндеги Кара-Күңгөй суусуна 1986-жылы туулган К.С. аттуу эркек киши түшүп кеткендиги тууралуу маалымат 102 кызматынан келип түшкөн.
Кырсык катталган жерге өзгөчө кыдаалдар бөлүмүнөн 5 куткаруучу жана райондук ички иштер бөлүмүнөн 5 кызматкер тартылып, издөө иштеринин натыйжасында саат 19:00дө жогоруда аталган жарандын сөөгүн суудан чыгарып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришти.