Нарындагы 96,5 млн сомдук муниципалдык мейманкана мамлекетке кайтарылды

10-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Аймак 102

Нарын шаарындагы муниципалдык мейманкананын имараты 23,5 миң чарчы метр жер тилкеси менен мамлекеттин балансына кайтарылды.

Нарын облустук прокуратурасынын текшерүүсүндө мейманкана жайгашкан жер тилкеси 2003-жылы Нарын шаар башкармалыгынын кызмат адамдары тарабынан ошол кездеги жер мыйзамдарынын талаптарын одоно бузуу менен жеке менчикке берилгени аныкталган.

Прокуратура тарабынан көрүлгөн чаралардын жыйынтыгында жалпы баасы 96 млн 587 миң 170 сом деп бааланган имарат жер тилкеси менен мамлекетке кайтарылды.

Кеп мурда мамлекеттик резиденция катары пайдаланылган имарат тууралуу болууда.

10-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Аймак / #Нарын шаары 102
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X