Нарындын Куланак айылында жаңы милиция бөлүмчөсү ачылды

17-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 48

Бүгүн, 17-ноябрда Нарын районунун Куланак айылында жаңы айылдык милиция бөлүмчөсү пайдаланууга берилди.

Ачылыш аземине Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы, милициянын полковниги Жолболду Кочконов, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана айыл тургундары катышты.Возможно, это изображение скорая помощь и текст

Эки кабаттуу имарат заманбап талаптарга ылайык курулуп, милиция кызматкерлеринин иштөөсү жана жашоосу үчүн бардык шарттар түзүлгөн.

Жаңы бөлүмчө айылдагы коомдук тартипти сактоо, тургундардын коопсуздугун камсыз кылуу жана жарандардын кайрылууларына ыкчам жооп берүү иштерин жакшыртууга багытталган.

17-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 48
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X