Насыя, кызмат, маалымат: Фермерлер үчүн баары бир тиркемеде

23-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 74

Кыргызстандык фермерлер айыл чарба тармагындагы мамлекеттик кызматтарды, жеңилдетилген насыя программаларын жана башка сервистерди iDyikan санариптик платформасы аркылуу пайдалана алышат. Тиркеме документ иштерин жеңилдетип, кезек күтүүгө кеткен убакытты кыскартууга багытталган.

Платформа фермерлерге керектүү кызматтарды онлайн тандоого, электрондук арыз толтуруп жөнөтүүгө жана анын статусун жеке кабинети аркылуу көзөмөлдөөгө мүмкүнчүлүк берет.

Ошондой эле документтерди кагаз түрүндө кайра-кайра чогултуп, тапшыруу зарылдыгын азайтат.

iDyikan тиркемесин Google Play жана App Store платформаларынан жүктөп алууга болот. Каттоодон «Түндүк» тиркемеси же электрондук почта аркылуу өтүүгө мүмкүн.

Жаңы платформа фермерлердин убактысын үнөмдөп, айыл чарба кызматтарын бир жерден алууга шарт түзөт.

iDiykan фермерлердин санариптик жардамчысы катары иштелип чыккан. Платформа мал чарбачылыгы жана өсүмдүк өстүрүү тармактарын камтып, айыл чарба өндүрүүчүлөрүнө керектүү кызматтарды бир жерге топтоону көздөйт.

Учурда тиркеме аркылуу «ФСХ-14» программасы боюнча жеңилдетилген насыя алууга электрондук кезекке турууга болот. Мындан тышкары, насыя алуу үчүн арызды түздөн-түз тиркеме аркылуу жөнөтүү функциясы иштелип жатат.

 

23-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 74
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X