Ош шаарsysy мэри Жеңишбек Токторбаев Алишер Навои атындагы эс алуу багынын аймагында алынып салынган соода-сатык жайларынын ордуна 5 миң түп көчөт отургузууну тапшырды.
Маалыматка ылайык, буга чейин шаар башчысы парктагы бир катар соода-сатык жайларын алып салуу тууралуу көрсөтмө берип, эс алуу багын толугу менен жаңыртып, шаар тургундары үчүн заманбап жана ыңгайлуу шарттарды түзүү зарылдыгын белгилеген.
Ошондой эле парк аймагындагы “Палван-Сарай” имаратынын орду келечекте эс алуу жайы катары уюштурулары айтылды.

