Нилуфар Алимжанова Ноокаттагы мектептердин абалы менен таанышты

17-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Жогорку Кеңеш 84

Жогорку Кеңештин депутаты Нилуфар Алимжанова Ноокат районуна болгон иш сапарынын алкагында жергиликтүү тургундар менен жолугушуп, билим берүү мекемелеринин абалын көрүп чыкты.

Алгач депутат райондук активисттер менен жолугуп, алардын сунуштарын, кайрылууларын жана көйгөйлөрүн укту. Жолугушууга райондук мамлекеттик администрациянын башчысы – аким Нурлан Керимкулов жана бир катар мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты.

Анда жергиликтүү тургундар аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө байланыштуу маселелерди көтөрүп, өз сунуштарын айтышты. Нилуфар Алимжанова айтылган көйгөйлөрдү тиешелүү тартипте кароого ала турганын белгиледи.Возможно, это изображение один или несколько человек

Андан соң депутат Бел айыл аймагындагы Кеңеш жалпы орто билим берүү мектебине барды. Окуу процессин жакшыртуу максатында мектепке интерактивдүү доска тапшырылып, кызматкерлерге Жогорку Кеңештин төрагасынын атынан ыраазычылык каттары берилди.

Ошондой эле Мирмахмудов айыл аймагындагы А. Мирмахмудов атындагы жалпы негизги билим берүү мектебинин шарттары менен таанышты. Окуучуларга ыңгайлуу шарт түзүү жана мектептин материалдык-техникалык базасын чыңдоо үчүн Жогорку Кеңештин төрагасынын фондунан 100 миң сом бөлүнгөн.Возможно, это изображение один или несколько человек

Иш сапардын жүрүшүндө депутат билим берүү мекемелерин колдоо, мектептердин материалдык-техникалык базасын жакшыртуу жана окуучуларга сапаттуу билим алуу үчүн зарыл шарттарды түзүү маанилүү экенин белгиледи.

17-ноябрь, 2026-ж. / Редакция / Жогорку Кеңеш 84
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X