Ноокатта 17 жаштагы кыз асынып алды

5-июль, 2022-ж. / Редакция / Кырсык 38

Ноокат шаарында 17 жаштагы кыз асынып алды. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

“17 жаштагы кыз үйүндө асынып алганы белгилүү болду. Маркумдун денесинде көзгө көрүнгөн жаракаттар болгон эмес. Туугандары соттук-медициналык экспертиза жүргүзүүдөн баш тартышты.

Окуя тууралуу билдирүү милицияга аймактык ооруканадан түшкөн. Ооруканага сөөктү маркумдун жакындары алып келишкен”, — дешти мекемеден.

Белгилей кетсек, аталган окуя 28-июнда катталганы маалымдалды.

5-июль, 2022-ж. / Редакция / Кырсык 38
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X