Ноокендеги мектепке кошумча окуу корпусу курулууда

21-январь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 57

Ноокен районунун Кыргызстан айылында Э. Алиев атындагы мектепке кошумча окуу корпусу курулуп жатат. Бул тууралуу Курулуш министрлиги кабарлады.

Курулуш иштери 2024-жылдын июнь айында башталган. Долбоордун жалпы баасы 90,6 миллион сомду түзөт.

Жаңы корпус 150 орунга ылайыкталып, анда заманбап окуу класстары, жыйындар залы, компьютердик класс, спорт зал, ашкана, дарыгердин бөлмөсү жана эмгек сабактары үчүн атайын бөлмөлөр каралган.

Курулуш-монтаждоо иштерин “Араван-Ремстрой” ЖЧКсы жүргүзүүдө. Учурда иштердин 75 пайызы аяктады.

21-январь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 57
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X