"Эркин-Тоо"

Ноорузда милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иштейт

19-мартта ички иштер министри Улан Ниязбеков онлайн кеңешме өткөрүп, анда Нооруз майрамында коомдук тартипти сактоо жана учурдагы кылмыштуулуктун абалы, аны алдын алуу жана коомдук тартипти сактоонун негизги чаралары сыяктуу маселелер талкууланды.

Кеңешменин жүрүшүндө Ниязбеков Нооруз майрамына карата бардык аймактарда жана борбор калаада республикалык деңгээлдеги массалык-маданий иш-чаралар өткөрүлөрүн белгиледи.

«Эң башкысы коомдук тартипти натыйжалуу камсыздап, жүктөлгөн милдеттерди так аткарыңыздар. Бир дагы аймакта массалык мушташууларга, коомдук эрежелерди бузууларга, өз-ара чатакташууларга, бейбаштыктарга жана эл арасында резонанс жараткан окуяларга жол берилбесин», — деди ал.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!