Нуралы Курмантаев: “Жаңы ишканаларды ачууга басым жасайбыз”

— Нуралы Шакенович, жазгы талаачылык иштерге эртерээк кам көрүү гана кайтарымын берет. Быйыл бардык жерде даярдыктар уюшкандыкта башталды. Сиздерде абал кандай?
— Өткөн жылдагы кургакчылык көп түйшүккө салып, түшүмдүүлүк бир топ төмөндөп кеткендиги баарыбызга белгилүү. Ошондон улам өлкө жетекчилиги быйылкы жылдын түшүмү үчүн камкордук көрүүнүн зарылдыгын бекемдешти. Айрыкча айыл чарбасын, анын ичинде дыйканчылыкты колдоо багытында бир катар чечкиндүү кадамдарды жасашты. Айталык, жергиликтүү бийлик органдарынын алдына катуу талаптарды койду. Биринчи кезекте чарбалар аралык жана ички чарбалык каналдарды тазалоо, калыбына келтирүү иштери илгериледи. Бардык айыл аймактарында жазга карата даярдык иштери уюшкандыкта жүргүзүлдү.
Мисалы, 808 чакырым ички чарбалык каналды тазалоо иштери аягына чыкты. 15-мартка карата алардын даярдыгы 85 пайызды түздү. 1-апрелге карата бардык пландалган иштер ийине жетет. Ошондой эле Азия Өнүктүрүү Банкынын долбоору менен Интернационал, Жээк айыл өкмөттөрүнүн аймагында жалпы суммасы 140,3 млн сомдук долбоор боюнча ички чарбалык каналдарды реабилитациялоо иштери кызуу жүрүүдө.
Биздин негизги максатыбыз – өткөн жылдардагы кемчиликтерди кайталабай, болгон суу ресурстарын коромжусуз пайдаланып, дыйкандарды сугат суу менен камсыз кылуу болуп эсептелет.
— Ысык-Ата районунда башка райондорго салыштырмалуу өнөр-жай ишканаларын иштетүү дурус жолго коюлган. Иштеп жаткан өндүрүштүк ишканалардан тышкары жаңы ишканаларды ачуу зарыл. Инвесторлорду тартуу, аларга жагымдуу шарт түзүү боюнча кандай кадамдарды жасап жатасыздар?
— Туура айтасыз. Ысык-Ата районунда өнөр жай өндүрүшү башка аймактарга салыштырмалуу өнүгүү жолуна түшүүдө. Бүгүнкү күндө райондо 15 өнөр жай ишканасы туруктуу иштеп, 16010,0 млн сомдук продукция өндүрүлдү. Бул жетишкендиктер чек эмес. Жаңы өндүрүш ишканаларын ачуу менен салык базасын кеңейтүүгө, кошумча жаңы жумушчу орундарын түзүүгө бардык мүмкүнчүлүктөрүбүздү жумшап жатабыз. Мисалы, Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн аймагында Кореялык ишкерлер менен биргеликте курулуп жаткан “Ин Вотер Солюши Агро” ЖЧКсынын күнөсканасын алсак болот. Бул күнөсканага 5 гектар жер аянты берилип, жашылча-жемиш өндүрүүгө багытталган. Сезонго жараша 220-230 тонна помидор, 25-30 тонна кулпунай өндүрүлөт. Азыркы учурда 120 адам жумуш менен камсыз болду. Тартылган инвестициянын көлөмү 6.0 млн АКШ долларын түзөт.
Ошондой эле Ак-Кудук айыл өкмөтүнүн аймагында “Изо-Пенопласт” ЛТД ЖЧКсы курулууда. Базальт жылуулукту кармоочу курулуш материалдарын чыгарат. Жылына 15 тонна продукция чыгарылып, ички жана тышкы рынокко сатылат. Бул ишкананы курууга тартылган инвестициянын көлөмү 500 млн сомду түзөт. Аталган эки ишкана март-апрель айларында пайдаланууга берилет.
Жылдын аягына чейин дагы бир нече өндүрүш ишканаларын ачуу пландаштырылып жатат. 2022- 2026-жылга чейинки өнүктүрүү Программасында конкреттүү пландарыбыз бар. Алар туурасында кези келгенде айтарбыз.
— Социалдык курч көйгөйлөрдү чечүү кыйла жеңилдеп, алгылыктуу иштер илгерилөөдө. Билим берүү, медицина, маданият майданында кетип жаткан кемчиликтер, «сүрсүп» жаткан көйгөйлөр чечилүүдөбү?
— Ысык-Ата районуна келип, иштеп жатканыма 9 айдын жүзү болду. Буга чейин Түштүк аймакта иштегенмин. Негедир кереметтүү Сары-Өзөн Чүйдүн ири райондорунун бири болгон Ысык-Ата районунда социалдык инфраструктуранын абалы алда канча жогору болсо керек деген ойдо элем. Тескерисинче, андай эмес экен. Мектептердин, бала бакчалардын жетишсиздиги, оңдоого муктаждыгы санаага салды. Айрыкча калкты таза суу менен камсыз кылуунун абалы оор бойдон калыптыр. Ошондон улам райондогу социалдык курч проблемаларга туш келип олтурам.
Оболу калкты таза суу менен камсыздоого белсенип кириштик. Азыркы учурда Интернационал айыл өкмөтүндө республикалык бюджеттин эсебинен сметалык-долбоорлоо баасы 68,1 млн сомду, АРИСтин катышуусу менен Ивановка айыл өкмөтүндө сметалык-долбоорлоо баасы 66,1 млн сомду, Кең-Булуң айыл өкмөтүндө сметалык-долбоорлоо баасы 56,5 млн сомду түзгөн үч ири долбоор боюнча иш жүрүп жатат. Калкыбыздын таза сууга болгон муктаждыгын чечүү – элдин саламаттыгын чечүү менен барабар. “Суу – өмүрдүн булагы” деп бекеринен айтылбаган. Ошондой эле эл аралык кайрымдуулук фонддорунун катышуусу менен соңку бир жылдын ичинде 6 айылдын таза суу системасын реаблитацилоого жетиштик. Мурда пайдаланылып, кийин иштен чыккан тармакты калыбына келтирдик. Жаңы жабдуулар орнотулду. Бул багытка жалпысынан 7,9 млн сом жумшалды.
Саламаттык сактоо тармагында да бир катар жакшы аракеттерибиз бар. Ички жана сырткы булактардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана элдин каражаттарынын эсебинен 1 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун, 2 ФАПтын, 1 бала бакчанын имараттары курулуп, пайдаланууга берилди. Бул социалдык обьекттердин курулушуна 23 млн сом жумшалды. Бул багыттагы иштер мындан ары да уланат.
— Быйыл мамлекет тарабынан дыйкандарды колдоо, өзгөчө үрөн менен камсыздоого өзгөчө маани берилип жатат. Бул багытта ич жылытар жылыштар барбы?
— Албетте, айтарлык жылыштарыбыз бар. Быйылкыдай айылдык товар өндүрүүчүлөргө колдоо болгон эмес. Жазгы талаачылык жумуштарына даярдык көрүү үзүрүн берүүдө. Үрөндү кайдан, кантип алуунун тартиби жана жолдору алдын ала айтылып, айылдык товар өндүрүүчүлөргө жеткирилип, кеңири түшүндүрүү иштерин колго алганбыз. Аракеттерибиз текке кетпеди, берекесин, жемишин берди.
Райондун үрөнчүлүк чарбалары тарабынан мамлекеттик дотациялоо программасынын алкагында 900 тонна буудайдын, арпанын жана жүгөрүнүн үрөнү даярдалган.
2022-жылдын 10-мартына карата райондун дыйкандарына 96 000 кг буудай, 341 000 кг арпа, 20 000 кг жүгөрү үрөнү таркатылды. Ошондой эле Министрлер Кабинети аркылуу Россия Федерациясынан келген үрөн менен камсыз болдук. Жалпы 80 000 кг үрөн алдык. Мындан 25 000 кг буудай, 55 000 кг арпа, 2 500 кг жүгөрү. Учурда үрөнгө муктаждык жок.
— Бардык жакшы иштер, өркүндөп-өсүүлөр эл-журттун ынтымак-ырашкерлигине жараша болот. Көп улуттуу Ысык-Ата районунда биримдик бекемделгенби?
— Элибиздин “Ынтымак бар жерде – ырыс бар” деген акылман сөзү бар эмеспи. Ынтымак болбосо, кайдагы биримдик, кайдагы өнүгүү, кайдагы келечек? 80 ден ашуун улуттардын жана элдердин өкүлдөрү ынтымакты туу тутуп келишүүдө. Биздин максат – адамдардын улутуна, этностук таандыгына карабастан “Бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып” эмгектенүү болуп саналат. Райондук деңгээлде өткөрүлгөн кандай гана иш-чараны албайлы, бир үй-бүлөнүн мүчөлөрүндөй тегиз катышабыз. Бирге кубанып, ынтымактуу жашоонун үрөнүн сээп жатабыз. Райондогу бардык жетишкендиктер кимди болбосун кубандырбай койбойт.
— Сиз Ысык-Ата районуна мурда Түштүктө иштеп, Кыргыз Республикасынын Президентинин демилгеси менен башталган реформалардын чегинде ротация жолу менен келдиңиз. Ошондон улам кадрларды ротациялоого карата Сиздин жеке пикириңизди билгибиз келет.
— Мамлекеттик кызматта 40 жылдан ашуун иштеп, салымымды кошуп келүүдөмүн. Мол тажрыйбалуу мамлекеттик кызмат адамы катары мамлекеттик кызматтын сапатын жана таасирдүүлүгүн арттыруунун, кадрлардын жоопкерчилигин көтөрүүнүн, потенциалын пайдалануунун бирден-бир ийкемдүү, мамлекеттик кызматтын тарыхында өзүн актаган ыкма катары кабыл алып жатам. Бул система коомчулук тарабынан да колдоого алынып жаткандыгы тууралуу кабарыңыз болсо керек. Эгерде шартыбыз, мүмкүнчүлүгүбүз жетсе, бардык деңгээлдеги кадрларды ротациялоону сунуштаар элем.
— Маегиңизге чоң рахмат.
Ишиңиз ийгиликтүү болуп, районуңуздун ооматы арта берсин.
№27 «Эркин-Тоо» гезити
2022-жылдын 15-марты
Айчүрөк Макешова